Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Француз полициясы 168 жерде рейд жүргүздү


Франция-Германия чек арасындагы көзөмөл. 16-ноябрь, 2015-жыл.

Франция-Германия чек арасындагы көзөмөл. 16-ноябрь, 2015-жыл.

Француз премьер-министри Мануэл Вальс бүгүн билдиргендей, Париждеги террордук чабуулдардан кийин полиция 168 жерде рейд жүргүздү.

Ички иштер министри Бернард Казневдин айтымында, өткөн түнкү рейддер учурунда 23 киши камакка алынып, 100дөн ашууну үй камагына чыгарылды.

Франциянын аймагындагы рейддер 13-ноябрда, Париждеги террордук чабуулдарды жасагандарга жардам бергендерди табуу максатында жүргүзүлдү.

Француз борборундагы стадиондо, концерттик залда, бар-ресторандарда 132 адамдын өмүрүн алган кол салуулар үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алды. Ал окуялар учурунда кол салууну жасаган жети адам да жанкечтиликке барган.

Прокурорлордун айтымында, кол салгандардын азырынча бешөөсүнүн өздүгү аныкталды.

Бул аралыкта Франциянын аскерий учактары “Ислам мамлекети” тобунун Сириядагы башкы таянычы – Ракка шаарына ургалдуу аба соккуларын жасап, курал-жарак кампаларын, машыгуу лагерлерин бутага алды. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG