Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

Оштогу мечиттерде террордук уюмдардын тизмеси илинди


Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришкендей, Ош облусундагы бардык мечиттер тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын тизмесин илип жатат.

Жарандар мечиттерден Уламалар Кеңешинин «Хизб ут-Тахрир» уюму тууралуу токтому менен да тааныша алат. Муну менен элдин экстремисттик топторго азгырылуусуна жол бербөө, маалымат жеткирүү аракети көрүлүүдө. Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия калктын диний сабатын жоюу үчүн мечиттерди маалымат менен камсыздоону сунуштаган.

Өлкөдө ондон ашуун диний уюм экстремисттик деп табылган. Башкы прокуратуранын расмий маалыматы боюнча, соңку убакта алардын тузагына түшүп, Сирия жана Ирактагы согушка тартылган кыргызстандыктардын саны 500гө жетти. (NT)

XS
SM
MD
LG