Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

Жапон экономикасы кайра рецессияга кирди


Токио биржасы.
Токио биржасы.

Дүйшөмбү күнү жарыяланган расмий статистика өлкөнүн Улуттук дүң өндүрүшүнүн көлөмү быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинде 0,8% төмөндөгөнүн көрсөттү.

Ага чейин экинчи чейректеги төмөндөө 1,2% болгон. Мунун менен жапон экономикасы азыркы премьер-министр Синзо Абэ бийликке келген үч жыл ашуун убакыттан бери экинчи жолу рецессияга кирди.

Жапония экономикалык кубаты жагынан дүйнөдө АКШ менен Кытайдан кийинки орунда турган үчүнчү өлкө.

Азыркы рецессия жапон өкмөтүн жана Борбордук банкын экономикалык өсүштү стимулдаштыруу фискалдык жана монетардык чараларды көрүүгө түртүшү мүмкүн. (UE)

XS
SM
MD
LG