Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

Азербайжанда интернет жапырт өчтү


"Азаттык” радиосунун Азербайжандагы кабарчыларынын баамында, интернеттин жапырт өчүшү бүгүн күндөлүк турмуш-тиричиликке таасирин тийгизди.

Коммуникация жана маалымат технологиялар министрлиги билдиргендей, өлкөдө интернет ал кызматты көрсөткөн башкы провайдер - “Делта Телеком” компаниясынын станциясы күйүп кеткенден улам болду.

Өрт өчүрүлүп, альтернативалуу система ишке киргизилди. Ал эми негизги станциянын иши калыбына келтирилип жатат.

Бирок интернет азыр да өлкөнүн айрым бөлүктөрүндө жок. Анын өчүшү маселен банктардын ишине, онлайн төлөмдөрдү жүргүзүүгө таасирин тийгизди. Акча которуулар мүмкүн болбой калгандыктан кээ бир банктар ишин токтотууга мажбур болушту. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG