Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Бүгүн Кыргызстан жана Иордания футболчулары беттешет


Кыргызстан-Иордания футбол командасы
Кыргызстан-Иордания футбол командасы

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо дүйнө чемпиондугуна тандоо оюнунда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Иорданиянын курама командасы менен беттешет. Кыргыз командасы өз тайпасында экинчи орунду алыш үчүн Иордания командасын жана андан кийин боло турган Тажикстан курама командасы менен беттешүүдө жеңишке жетиши керек.

Азыркы кезде Кыргызстан командасы 8 упай менен үчүнчү орунда, 13 упай менен Иордания биринчиде, экинчи орунда 12 упай менен Австралия командасы келатат. Футбол оюнунда коопсуздукту жана тартипти камсыздоого 3 миңден ашуун милиция кызматкерлери жана 500дөн ашуун аскерлер тартылып, стадионго жакын көчөлөргө автоунаа киргизилбейт. (AiT)

XS
SM
MD
LG