Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Баткенде аскер кызматкери тоноочулукка шектелүүдө


Баткенде жеке ишкердин акчасын тоноду деп шектелген аскер кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрь күнү Баткен шаарынын борбордук базарында акча алмаштыруу менен алектенген жарандын акча салынган сумкасын белгисиз адам уурдап кеткен.

Шектүү тез эле кармалганы менен, сумканы башка шериктерине бергенге жетишкен.

Колго түшкөн жаран Нарын облусунун тургуну экени, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин Баткендеги аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөрү белгилүү болду.

Тонолгон сумкада 700 миң сомдой акча болгон. Акча жана кылмышка шектүүнүн шериктери изделүүдө. (JsA\SE)

XS
SM
MD
LG