Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Ноокатта курал-жарак сактаган улан сурак берүүдө


Оштун Ноокат районунун 19 жаштагы тургуну унаа уурдоого шектелип, соттун чечими менен үйү тинтүүгө алынган учурда 3 даана граната (1 даана Ф-1, 2 даана РГД-5), 5 даана автомат октору, 4 даана окчонтой табылды. Андан сырткары, күч кызматкерлеринин кийимдери, ондон ашуун сим карта жана маңзат сыяктуу күкүмдөр чыкканын милиция кабарлады. Кылмышка шектүү жарандын террордук топтор менен алакасы бар-жогу иликтенип жатат. (JsA\SE)

XS
SM
MD
LG