Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Молдова кыргыз милициясына жаңы жабдууларды берди


Кыргызстан жана Молдова ички иштер министрлери - Мелис Турганбаев жана Олег Балан. Кишенев, 16-ноябрь, 2015-жыл.
Кыргызстан жана Молдова ички иштер министрлери - Мелис Турганбаев жана Олег Балан. Кишенев, 16-ноябрь, 2015-жыл.

Молдова өкмөтү Кыргызстанга кылмышка каршы күрөшүүдө колдонула турган бирдиктүү маалымат системасын берет. Бул боюнча макулдашууга Ички иштер министри Мелис Турганбаев Молдовага жасаган иш-сапары учурунда кол коюлду. Аппарат видеобайкоо, кабарлоо жана маалымат системасынын бирдиктүү ишин камсыздайт. Андан сырткары, нөөмөтчү менен бардык бөлүмдөр арасында ыкчам байланыш түзөт.

Баасы 500 миң долларлык платформаны Молдова акысыз бергенин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министр Мелис Турганбаев Кишиневго 16-ноябрда кеткен. Ал жакта Молдованын Ички иштер министри Олег Балан менен эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүздү. (SE)

XS
SM
MD
LG