Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Америкада штат башчылары сириялык качкындарды кабыл алуудан баш тартууда


Сириялык качкындар
Сириялык качкындар

Бул тууралуу 26 штаттын губернаторлору жарыялаган билдирүүдө айтылат. Алар мындай кадамды Париждеги террордук кол салуулар менен байланыштырып, АКШдан башпаанек алган качкындарды кылдат текшерип чыгууну федералдык бийликтен талап кылууда.

Губернаторлордун мамлекеттин иммиграциялык саясатын аныктоого укугу жок. Ошол эле маалда алар качкындарды жайгаштырууда борбордук бийлик менен кызматташуудан баш тартып, расмий Вашингтондун аракетине жолтоо болушу мүмкүн экени айтылууда.

Качкындарды кабыл алуудан баш тарткан 26 губернатордун 25и Республикалык партиясынын мүчөлөрү. Кошмо Штаттар 2011-жылдан бери Сириядан качып чыккан 1500 адамга башкалка берген. Президент Барак Обама кийинки жылда алардын санын 10 миңге жеткирүү тууралуу мүдөөсүн жарыялаган. (NT\SE)

XS
SM
MD
LG