Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:00

Орусиянын коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников Синай жарым аралындагы учак 31-октябрда теракттан улам кыйраганын тастыктады.

Түркиянын Анталия шаарында “Чоң жыйырмалыктын” саммитинде жүргөн Владимир Путин: “Синайдагы учакты жардыргандар кайда жүрбөсүн, кантип жашынбасын баары бир таап, тийиштүү жазасын беребиз”, - деди.

Орусиялык А321 учагы Мисирдин Шарм эль-Шейх курорттук шаарынан Санкт Петербургга учуп бара жатып, Синай жарым аралынан кыйроого учурап, 224 адам мерт кеткен. Алардын дээрлик бардыгы Орусиянын атуулдары болгон.

Бул жарылууну “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу мойнуна алганы менен Орусия атайын иликтөө бүтмөйүнчө окуяны “теракт” деп расмий атабай келген.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG