Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Астана аба майданында коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Астана аба бекетиндеги учак

Астана аба бекетиндеги учак

Франциядагы кол салуулар жана жардырууларга байланыштуу Казакстан башка калаасы - Астанадагы Эл аралык аба майданында текшерүү күчөтүлдү. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады. Аба майданда текшерүүчү атайын жабдыктар орнотулду. Бардык жүргүнчүлөр жана аларды узатып, тосуп алган жарандар, аэропортто иштегендер да көзөмөлдөн өтүүгө тийиш. Текшерүү күнү-түнү жүргүзүлөт. Мындан улам аба майдандын жетекчилиги эл аралык каттамдарга билет алган жарандарды үч саат, Казакстандын аймагына бара тургандарды эки саат эрте келүүгө чакырат. (NT\SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG