Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Кыргызстан аймагында 19-21-ноябрь күндөрү жаан-чачын болот. Өрөөндөрдө жамгыр карга айланып,тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын жолдору тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын жумушун кыйындатып, жайыттарда мал кармоодо түйшүк жаратат.

18-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар аралаш жамгыр жаашы мүмкүн. Тоолуу жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 14 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 6...11,

Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 4...9,

Баткен облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 6...11,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 8...13,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,

Нарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз -5...-10 градус суук болот.

Бишкек шаарында ала-булут каптап турат, кечке жакын бир аз жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 1…3, күндүз 8…10 градус жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG