Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Казакстанда кулчулукта жүргөн дагы бир кыргыз жараны бошотулду


Казакстандын Кордай районунда бир канча жылдан бери эмгек кулчулугунда жүргөн кыргыз жараны бошотулду. Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, Алматыдагы кыргыз консулдугу Эл аралык миграция уюмунун Бишкек өкүлчүлүгү менен бирге жүргүзгөн аракеттердин натыйжасында, ага тийиштүү укуктук жардам берилди. Азыр Алматыдагы реабилитациялык борбордо убактылуу жашап жатат. Мекенине алып келүү боюнча аракеттер жүрүүдө.

Маалыматтарга караганда, ал Карасу айылында мал чарбакеринин колунда жүргөн.

Буга чейин бир катар кыргыз жарандары Казакстанда кул болуп жүргөнү аныкталып, бошотулган. (SE)

XS
SM
MD
LG