Линктер

шаршемби, 22-февраль, 2017 Бишкек убактысы 12:30

Футбол: Кыргызстан бир гол киргизди


Оюндун экинчи таймы башталар менен Кыргызстан бир гол киргизип, эсепти ачты. Голду 48-мүнөттө жарым коргоочу Антон Землянухин өтө чеберчилик менен иорданиялык коргоочуларды алдап өтүп барып киргизди.

Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Иорданиянын футболчулары 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо мелдештеринин алкагында кезектеги оюнду өткөрүшүүдө.

Беттеш 13-ноябрда Парижде болгон куралдуу кол салууларда набыт кеткендерди эскерип, бир мүнөт аза күтүү менен башталды. Парижде болгон теракт жана куралдуу кол салуулардан 129 киши мерт кетип, 350 адам жаракат алган. Алардын жүзгө жакыны оор абалда.

Оюнду көргөнү премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү жана жогорку кызмат адамдары келди.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG