Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:02

Франция Евробиримдиктен жардам сурады


Париждеги террор чабуулдарынан кийин Франция Европа Биримдигинен аскерий жана башка багыттарда жардам сурады.

Француз бийлиги Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн ортосунда мурда эч качан колдонулбаган 28 өнөктөш өлкөнүн бирөөсүнүн территориясына “куралдуу агрессия болсо” калганы жардам берүүгө милдеттүү деген келишимди ишке ашырууну талап кылууда.

Өлкөнүн коргоо министри Жан Ив Ле Дриан: “Европа Биримдигиндеги өнөктөштөрүбүз Франциянын Ирак менен Сириядагы аскерий операцияларына катышып, дагы башка операцияларына көмөк көрсөтүшү керек”, - деген оюн 17-ноябрь күнү Еврошаркеттин коргоо министрлери Брюсселде жолугушканда билдирди.

Француз аскерлери Мали, Буркина Фасо, Нигерия, Чад жана Африканын батышындагы Сахел аймагына Парижде 13-ноябрь күнү 129 кишинин өмүрүн алган террор чабуулдарынан кийин жайгаштырылып, француз аба күчтөрү Сирияга авиасоккуларын баштаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG