Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Кыргызстан-Иордания футбол беттешинин акырында чыр чыкты


Кыргызстан менен Иорданиянын футбол беттеши акырына чыкканда 17-номурдагы иорданиялык оюнчу Ибрахим Завахрин беттеш калысына нааразы болуп, бетме-бет келип заарын төккөн. Аны ажыраткан учурда Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадыралиевди дарбазачы Амер Шафи кабырга тушка уруп жибергенге үлгүргөн. Ошол эле учурда 3-номурдагы Мухаммад ал-Башар көк майсаң четинде топ ташып жүргөн өспүрүм балага тап бергенде аны кыргыз футболчулары токтотуп калышты. Бул тууралуу Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Иорданиянын футбол оюнуна күбө болгон кабарчыбыз билдирди.

Бул көрүнүштү чагым деп санаган кыргыз футболчулары өздөрүн кармап, ачууга алдырышпай, стадионду аралап, күйөрмандарына ыраазычылык билдиришти.

Кырдаалды оюнга көз салып турган тартип кызматкерлери көзөмөлгө алып, иорданиялык футболчуларды көк майсаңдан чыгарып кетишкен.

Беттеш калысына нааразы болуп, жулунган Завахрин оюн учурунда одоно ойногондугу үчүн сары айып кагазын алган болчу.

Иорданиянын башкы машыктыруучусу бул чырды көрбөй калгандыгын айтып, журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты. Ошол эле учурда оюнда футбол калысы бир топ кемчилик кетирди деген пикирин билдирди.

Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов иорданиялык оюнчулар эмоцияга алдырганын, оюндун комиссары дисциплинардык чара колдоноруна ишенерин айтты.

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкекте Кыргызстан менен Иорданиянын футболчулары 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо мелдештеринин алкагында кезектеги оюнду өткөрүштү. Анда кыргыз футболчулары атаандаштарын 1:0 эсебинде утту.

Голду 48-мүнөттө жарым коргоочу Антон Землянухин өтө чеберчилик менен иорданиялык коргоочуларды алдап өтүп барып киргизди.

Аталган оюн 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо мелдештеринин алкагында өттү.

XS
SM
MD
LG