Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Темир Сариев кыргыз футболчуларына 200 миң сом тапшырды


Кыргызстан менен Иорданиянын футбол курамаларынын беттешинен кийин премьер-министр Темир Сариев кыргыз футболчуларын жеңиши менен куттуктап, бир ай мурда Бангладеш курамасын уткандан кийин убада кылган 200 миң сом акчалай сыйлыкты тапшырды. Өз кезегинде футболчулар өкмөт башчыга колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдиришти. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди.

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкекте Кыргызстан менен Иорданиянын футболчулары 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо мелдештеринин алкагында кезектеги оюнду өткөрүштү. Анда кыргыз футболчулары атаандаштарын 1:0 эсебинде утту.

Голду 48-мүнөттө жарым коргоочу Антон Землянухин өтө чеберчилик менен иорданиялык коргоочуларды алдап өтүп барып киргизди.

Аталган оюн 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо мелдештеринин алкагында өттү.

XS
SM
MD
LG