Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Бул тууралуу 17-ноябрда Орусиянын Коопсуздук кеңешинин жыйынында Федералдык коопсуздук кызматтын жетекчиси Александр Бортников маалымдады. Ичинде 224 адамы бар А-321 учагы 31-октябрда кыйроого учурап, адамдардын баары мерт болгон. Учак Мисирдин Шарм еш-Шейх курортунда эс алган орусиялык туристтер менен Санкт-Петербургга бараткан мезгилде кыйраган. Иликтөөнүн жүрүшүндө бомба учактын артына жүктөрдүн арасына салынганы аныкталды.

Орус президенти Владимир Путин учакты жарган террорчулар табылып, жазасын аларын билдирди:

-Биз аларды бардык жерден издейбиз. Алар кайда жашынбасын табабыз. Планетанын кайсы жеринен болбосун таап, жазасын беребиз.

Орус президенти Сирияда Ислам мамлекетине чабуулду күчөтүүнү буйруду. Ошол эле күнү Орусиянын аба жана деңиздеги күчтөрү бомбалык жана ракеталык чабуулдарын эки эсе күчөткөнү маалымдалды.

XS
SM
MD
LG