Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

«Кыргызалтындын» жооптуу кызматкерлери уурулукка шектелүүдө


“Кыргызалтын” ишканасынын айрым жооптуу кызматкерлери ишенип берилген кымбат баалуу мүлктү өзүнө ыйгарып алган, деп шектелүүдө. Ички иштер министрлиги кабарлагандай, Эсеп палатасы ишкананын Кара-Балтадагы аффинаж заводунда жүргүзгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Өткөн жумада милициянын атайын даярдыктагы адистери Кара-Балта шаарында жайгашкан “Аффинаждык заводго” барып, текшерүү жүргүзгөн. “Кыргызалтын” жетекчилиги муну мыйзамсыз деп, эскертпей келгени үчүн күч органдарын сындаган эле.

Тергөө кызыкчылыгы үчүн бул боюнча толук маалыматтар азырынча ачыкка чыгарыла элек. (SE)

XS
SM
MD
LG