Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:24

Милиция бөлүмүндө каза тапкан жарандын жагдайын прокуратура текшерүүдө


Жалал-Абаддын Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө уурулукка шектелип кармалып, ошол жерде каза болгон 51 жаштагы Жусупбек Надировдун өлүмүнүн себептерин облустук прокуратура текшерүүгө алды. Бул тууралуу прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Нурлан Сагынбаев “Азаттыкка” билдирди.

Маркумдун жакындарынын кайрылуусунун негизинде окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кыйноо” беренесине ылайык, кылмыш иши козголду.

Жусупбек Надиров октябрь айынын башында 10 миң сом уурдоого шектелип кармалган. Милицияга сурак берип чыккан соң, ички иштер бөлүмүнүн короосунда жан берген. Маркумдун жакындары анын өлүмүнө 3 милиционердин тиешеси бар деп, аларды жоопко тартууну суранууда. Райондук ички иштер бөлүмү ал жүрөгү кармап каза болгонун билдирген. (RsK)

XS
SM
MD
LG