Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Нарымбаев менен Коркмазовдун соту 25-ноябрга жылды


Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча сот отуруму 25-ноябрга жылды. Бүгүн айыпталынып жаткандарга өкүм чыгышы күтүлүп жаткан. Бирок Коркмазов ооруп калгандыктан, сотко келе алган жок.

Коррупция жана пара алуу боюнча айыпталып жаткан Нарымбаев менен Коркмазовдун кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда. 10-ноябрда айыпталуучулар сотто сөз сүйлөшкөн. Ага чейин мамлекеттик айыптоочу-прокурор президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевды 12 жарым, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Коркмазовду 12 жылга үй-мүлктөрүн мамлекетке алуу менен эркинен ажыратууну сураган.

Коркмазов Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин мүлкү боюнча соттун чечимин жеңилдетүү максатында анын кызынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен июль айында кармалып, ал пара Данияр Нарымбаевге арналганын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG