Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Парижде террорчу деп шектелген үч адам кармалды


Франциянын аймагындагы рейддер Париждеги террордук чабуулдарды жасагандарга жардам бергендерди табуу максатында жүргүзүлүүдө.

Франциянын аймагындагы рейддер Париждеги террордук чабуулдарды жасагандарга жардам бергендерди табуу максатында жүргүзүлүүдө.

Париждин түндүгүндөгү Сен-Дени районундагы полициянын рейди маалында 13-ноябрдагы теракттарга катыштыгы бар деп шектелген үч адам камакка алдынды. Дагы үч шектүү адам жанкечти аялдын жардыруусунан мерт кеткенин Франс-пресс агенттиги жазды. Операция маалында үч полиция кызматкери жарадар болгону кабарланууда. Райондо атышуулардын жана жардыруулардын үндөрү чыгып жатканын күбөлөр кабарлашты. Маалымат каражаттарынын жазышынча, атайын операциянын башкы максаты - 13-ноябрдагы теракттарды уюштурган деп шектелип жаткан Абдельхамид Абаудду кармоо.

Өткөн жума күнү Парижде болгон бир катар теракттар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу алган. Калабада 130дан ашык адам мерт болуп, 350дөйү жабыркаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG