Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Швеция прокуратурасынын тергөөчүсү 17-ноябрда Остершунд шаардык сотуна өзбек диний аалымы Обидхон Кори Назаровго кол салуу боюнча иштин корутундусун жиберди. Тергөөчү Кристер Петерсондун айтымында, сотто кылмышты жасаган деп шектелген Юрий Жуковскийдин артында Өзбекстан бийликтери турат деген жүйө да каралат.

“Мен тергөө маалында Жуковский өзбек өкмөтүнөн жардам, буйруктарды алып турганы боюнча далилдерди тастыктадым”, - дейт Кристер Петерсон.

Белгилүү диний аалым, расмий Ташкенди кескин сындап жүргөн Обидхон Кори Назаровго кол салуу 2012-жылдын 22- февралында Швециядагы Стромсунд шаарында, үйүнүн жанында болгон. 57 жаштагы Назаров азыркыга чейин оор абалда ооруканада.

Ал 1997-жылдан бери Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматынын издөөсүндө. 2006-жылы Казакстандагы БУУнун качкындардын иштери боюнча жогорку комиссардын башкармалыгынын өкүлчүлүгү Назаровду качкын деп эсептеп, Швециядан башпаанек берген. (AKu\SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG