Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Сирияда ондогон согушкерлер жок кылынды


Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Барак Обама Сириядагы кырдаалды талкуулап жатышат.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Барак Обама Сириядагы кырдаалды талкуулап жатышат.

Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарына байкоо жүргүзгөн уюм билдиргендей, соңку үч күндүн ичинде Сириянын түндүгүндөгү Ракка шаарында “Ислам мамлекети” тобунун 33 экстремисти жок кылынды. Уюмдун маалыматына ылайык, Раккадагы радикал топтун лидерлери үй-бүлөлөрү менен Ирактагы “Ислам мамлекетинин” уюгу деп эсептелген Мосул шаарын көздөй качышууда.

13-ноябрда Парижде болгон теракттардан кийин Франция Сириядагы аба соккуларын күчөттү. Ал эми кечээ Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы өткөн айда Синайдагы учак террордук жарылуудан улам кулаганын бышыктады. Мындан улам Владимир Путин да Орусиянын Сириядагы аскердик операциясы күчөтүлө турганын билдирди.

“Ислам мамлекети” радикал тобу Париждеги теракттар жана кыйраган Орусиялык учак үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.

XS
SM
MD
LG