Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Косово: Конституциялык соттун алдында граната жарылды


Косоводогу Конституциялык соттун имаратынын алдында колго жасалган граната жарылды.

Косоводогу Конституциялык соттун имаратынын алдында колго жасалган граната жарылды.

Косоводогу Конституциялык соттун имаратынын алдында колго жасалган граната жарылды. Баш калаа Приштинадагы бири-бирине тыгыз жайгашкан өкмөт имараттарынын короосуна граната 18-ноябрдын таңында ыргытылганын полиция өкүлдөрү маалымдашты.

Жабыркагандар тууралуу азырынча кабарланган жок. Бир күн мурда бир катар оппозиячыл депутаттар парламентте башаламандык уюштуруп, көздөн жаш чыгарчу газ чачып, полиция менен кагылышуулар катталган.

Оппозициячыл депутаттар бир нече жумадан бери Сербия менен Косовонун ортосундагы алаканы жайгаруу боюнча Евробиримдик сунуштаган макулдашууну өткөрбөө максатында парламент сессиясынын ишин үзгүлтүккө учуратып келишет. Ал эми 18-ноябрда полиция парламентте каршылык акциясын уюштурган депутат Доника Кадаж Бужупини камакка алганы кабарланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG