Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Москва: Батыш Асаддын кетишин талап кылууну токтотушу керек


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров

Батыш “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы эл аралык коалиция түзүүнү көздөсө, Сириянын президенти Башар Асаддын кетишин талап кылуусун токтотушу керек. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 18-ноябрда билдирди. Министр октябрь айындагы Египеттеги орусиялык учактын кыйрашы жана өткөн аптадагы Парижде уюштурулган теракттардан улам айрым Батыш өлкөлөрү өз позицияларын өзгөртүшкөнүн кошумчалады.

АКШ жана анан союздаштары Сириянын президенти Башар Асаддын бийликтен кетишин талап кылып келишет. Ал тапта Москва бул чечимди Сирия эли гана чечиши керектигин жүйө кармоодо.

13-ноябрда Парижде болгон теракттардан кийин Франция Сириядагы аба соккуларын күчөттү. Ал эми кечээ Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы өткөн айда Синайдагы учак террордук жарылуудан улам кулаганын бышыктады. Мындан улам Владимир Путин да Орусиянын Сириядагы аскердик операциясы күчөтүлө турганын билдирди.

“Ислам мамлекети” радикал тобу Париждеги теракттар жана кыйраган орусиялык учак үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.

XS
SM
MD
LG