Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Париждеги терактта мерт болгондордун тек-жайы аныкталды


13-ноябрдагы Парижде болгон кандуу окуялар 129 адамдын өмүрүн алды.
13-ноябрдагы Парижде болгон кандуу окуялар 129 адамдын өмүрүн алды.

Парижде болгон теракттарда мерт болгон 129 адамдын тек-жайы аныкталды. Бул тууралуу Франция өкмөтү бүгүн тараткан билдирүүдө жазылган. Жалпысынан сөөктөрдү аныктоого 100дөн ашык үй-бүлө өкүлдөрү катышкан. Өткөн жума күнү уюштурулган канды булоондо жалпысынан 350 адам жабыркады. Ушул тапта 221 адам ооруканада. Алардын токсонго чамалуусунун абалы оор экени кабарланууда.

18-ноябрдын таңында башталган Париждин Сен-Дени районундагы антитеррордук операциянын жыйынтыгында өткөн жумадагы теракттарга катыштыгы бар деп шектелген жети адам камакка алынып, эки адам жок кылынды. Алардын бири - жанкечти аял өзүн-өзү жардырып жиберген. Операция маалында төрт полиция кызматкери жарадар болду.

13-ноябрда Парижде уюштурулган теракттар үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алган.

XS
SM
MD
LG