Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:40

ИМ А321га коюлган делген бомбанын сүрөтүн жарыялады


"Ислам мамлекети" жарыялаган сүрөт.
"Ислам мамлекети" жарыялаган сүрөт.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу 31-октябрда Синай жарым аралынын үстүндө кыйраган орусиялык лайнердин ичине коюлган делген бомбанын сүрөтүн топко караштуу англис тилиндеги он-лайн журналга жарыялашты.

Сүрөттө жардыруучу зат Schweppes газдалган суусундугунун банкасына салынганын көрсө болот. Сүрөттүн жанында согушкерлер бомбаны учактын ичине Шарм-эш-Шейхтин аэропортундагы коопсуздук системасындагы алешемдиктерди колдонуп алып өтүшкөнү жазылган. Экстремисттердин айтымында, алар алгач Батыш өлкөлөрүнүн учактарын жардырууну көздөшкөн, кийин Орусия Сириядагы чабуулдарын баштаган соң биринчи оюнан кайтышкан.

Мындан мурда орусиялык “Коммерсант” басылмасы өз булактарына таянып, А321деги бомба жүк ташуучу бөлүгүндө эмес, жүргүнчүлөрдүн отуругучунун алдына коюлганын жазган. 17- ноябрда Синайдагы учактын кыйрашына теракт себеп болгонун Орусиянын Коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников билдирген. Президент Владимир Путин буга жооп катары учактын кыйрашына катышы бар кылмышкерлердин бардыгын таап, жазалоону убада кылды.

31-октябрда Мисирдин Шарм-эш-Шейх курорттук шаарынан Санкт-Петербургга бараткан орусиялык учак кыйрап, борттогу экипаж менен жүргүнчүлөрдүн бардыгы, жалпысынан 224 адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG