Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:08

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 18-ноябрда кабарлашты. Премьер-министр Темир Сариев жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн Ош облусуна барып, жер титирөөнүн кесепеттери менен жеринде таанышат. Жер титирөөнүн очогу болгон Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айыл округунун башчысы 100дөн ашуун чатыр сурап жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов билдирди:

-Титирөөнүн очогу болгон Кызыл-Суу айыл округунун башчысы 110 чатыр сурап атат. Үйлөргө келтирилген зыянды аныктоонун үстүндө беш топ иштеп атат.

Абдышарип Бекилов азыркы кезде зыян тарткан үй, мекемелердин саны так аныктала электигин белгиледи. Бирок өкмөттөгү булактар зыянга учураган үйлөрдүн саны кеминде 90 экенин кабарлашты.

17-ноябрда кечки саат 11:29да Ош облусунун аймагында күчү 6-7 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан ондогон үйлөр, мектеп жана башка имараттар зыян тарткан. 18-ноябрда күндүз жана кечинде да жер титирөө болуп, Кара-Суу, Өзгөн жана Алай райондорунда анын күчү 3-3,5 баллга жеткен. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG