Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

Кыргызстанда жаңы түстүү журнал жарыкка чыгат


Басмага даярдалып жаткан журнал “ЛИDЕР” деп аталат. Башкы редактор Сахиба Кадырова “Азаттыкка” билдиргендей, анда саясат, турмуш, ишкерлик, экономика, өндүрүш, маданият жана спорт тармагындагы жетишкендиктер, көйгөйлөр тууралуу макалалар, маалыматтар, иликтөөлөр жарыяланат.

Басылманын алгачкы саны 2 000 нускада келерки жумада жарык көрмөкчү. Журналдын жетекчилиги маалымдагандай, болочокто чет жактагы мекендештер менен тыгыз иш жүргүзүлөт. Максат - лидерликке татыктуу жарандарга шык берүү менен Кыргызстанды позитивдүү өлкө катары таанытуу аракетин колго алуу. (NT\SE)

XS
SM
MD
LG