Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Отунбаева мигранттар темасын көркөм сүрөттө чагылдырууну сунуштады


Москвадагы мигранттар
Москвадагы мигранттар

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева сүрөтчүлөргө азыркы учурдун абалын көрсөткөн эмгектерди жаратууну сунуштады. 18-ноябрь күнү Таласта сүрөтчүлүк өнөрүнө арналган конференцияда сүйлөп жатып, Отунбаева азыркы коомдун жашоосу көркөм сүрөттө чагылдырылбай жатканын билдирди:

- Өткөн доордогу сүрөтчүлөр бизге Чоң Чүй каналынын курулушун, жаңы салынып жаткан жолдор, анда иштеген эмгекчилер, кийимдери жөнүндө көркөм сүрөт калтырышкан. Биз ал доор тууралуу кабардарбыз. Акыркы 25 жылда сүрөтчүлөр эпоханы тарткан жок. Эмне үчүн алар мигранттарды, “Дордой” базарында кайнап жаткан тириликти тартышпайт?

Таластын Бакай-Ата районунда 18-ноябрда залкар сүрөтчү Теодор Герцендин 80 жылдык мааракесине карата конференция өткөн. (SS/SE)

XS
SM
MD
LG