Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Казакстандык блоггер жикчилдик чакырыктары үчүн абакка кесилди


Чыгыш Казакстан облусундагы Риддер шаардык соту 18-ноябрда 26 жаштагы блоггер Игорь Сычевди жикчилдикке үндөгөн деген айыптын негизинде беш жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу жергиликтүү жарандык активист Александр Харламов “Азаттыкка” кабарлады.

Сычев сот өкүмүнө макул эместигин билдирип, жогорку инстанцияга доо-арыз менен кайрылууну көздөөдө. Ал Орусиянын «ВКонтакте» социалдык түйүнүндөгү “Риддердеги сырлар” деп аталган баракчанын башкаруучуларынын бири болчу. Быйыл жазында Орусиянын курамына кошулууга же бул сунушка каршы добуш берүүгө чакырган материалды интернетке жайгаштырганы үчүн соттолду. (NT\SE)

XS
SM
MD
LG