Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:46

Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү сунушталууда


Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги Курманбек баатырдын эстелиги
Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги Курманбек баатырдын эстелиги

Жалал-Абад облусунун жана шаарынын атын өзгөртүүнү демилгелеп жаткан коомдук уюмдар менен ишмерлер президент баштаган бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошту. Демилгечилердин бири, “Бозбу-Ата” коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасы Кеңешбек Тургунбаев билдиргендей, шаар белгисиз Жалал аттуу адамдын ысымын алып жүрөт.

- Жер-суунун аталышы өзүнүн улуу инсандары жана баалуулуктары менен аталышы керек. Тарыхты келечек муунга калтыруу үчүн Курманбек баатырдын ысымын шаарга ыйгарууну туура деп эсептейбиз. Ал эми облусту Көк-Арт деп атаган туура, – дейт Тургунбаев.

Уламышта Жалал аттуу жигит ооруп, аймактагы Азирет-Аюп булагынан шыпаа тапканы жазылган. Андан бери “Жалалдын абады” деп айтылып, 1877-жылы Түркстан округунун генерал-губернатору Скоблевдин буйругу менен Жалал-Абад шаар статусун алган.

Мурдараак башка демилгечилер Жалал-Абад шаарын Мырзакул болуш деп атоону сунуштаган эле.

2006-жылы Сузак районунун атын өзгөртүп, Курманбек деп атоо сунушталган. Бирок ал ишке ашкан эмес.(RsK)

XS
SM
MD
LG