Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:54

Ошто Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан 12 айыл өкмөттө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, балдарга жөлөкпул чегерүү жана 5 айыл өкмөттө турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жүргүзүлгөн коомдук мониторингдин жыйынтыгы талкууланат.

«Мамлекеттик жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдөгү коомчулуктун аракети менен жүргүзүлгөн мониторинг” аталышындагы тегерек стол 20-ноябрда Ош шаарында өтөт.

Буга чейин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы 17 коомдук кеңештин мүчөлөрү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча мониторинг жүргүзүшкөн.

Уюштуруучулар кабарлагандай, тегерек столго өкмөттүк аппараттан, Социалдык өнүгүү министрлигинен, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан, эл аралык жана бейөкмөт уюмдарынан өкүлдөр катышат. Аны “Кичи коомдук кеңештердин ролун жогорулатуу” долбоорунун алкагында ICCO Cooperation Эл аралык уюмунун каржылоосу менен 4 коммерциялык эмес уюм (ISEDA, Интербилим, Мехр-Шавкат, Инсан-Лейлек) ишке ашырууда.(SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG