Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

"Ислам мамлекети" радикал тобу эки чет элдикти өлтүрүшкөнүн жарыялашты


Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ Норвегия менен Кытайдын жарандары өлтүрүлгөнүн билдирди. Согушкерлерге таандык “Dabiq” басылмасында 18-ноябрда каза болгон туткундардын сүрөтү жарык көрдү. Алар – Норвегия жараны Оле Йохан Гримсгорд-Офстад жана кытайлык Фан Цзинхуэй экени жазылган. Бирок эки адамдын кантип, качан жок кылынганы тууралуу маалымат жок.

Норвегиянын премьер-министри Эрна Сольберг бул адамдар мыкаачылыкка кабылганына күмөн жок экенин билдирип, согушкерлердин аракетин “жексурлук, жырткычтык” деп атады. Кытайдын тышкы иштер министрлиги террордук уюмга “ыймансыз” деген баа берди. Буга чейин “Dabiq” басылмасынын сентябрда чыккан санында, норвегиялык жана кытайлык жаран сатылары жарыяланган. (NT\SE)

XS
SM
MD
LG