Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:01

Сириядагы тынчтык боюнча макулдашууга тараптар жакында жетишерин АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри шаршембиде “France 2” телеканалына билдирди.

Анын айтуусунда, Иран жана Орусия менен кызматташтыктын натыйжасында бир нече жумадан кийин Сирияда тынчтык орнотуу тууралуу келишим түзүлөрү күтүлүүдө. Эгерде мунаса табылса, Сирияда эки жаат болуп согушуп жаткан өкмөттүк күчтөр менен оппозициянын аракеттерин өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топко каршы багыттоого жетишилет. Ошол эле маалда Керри Башар Асад баары бир бийликтен чегинүүгө тийиш, деген көз карашын айтты.

-Асаддын бийликте турушу менен чет элдик согушкерлер Сирияга тартылууда. Анткени ага болгон элдин ишеними жоголгон. Азыр ал өлкөнүн аз гана бөлүгүн көзөмөлдөп турат. Өз элин ууландырып, бомбалап, ачарчылыкка кептеп, азап чектирген адам кантип башкаруучу боло алат,- деп суроо салды Жон Керри.

Ал эми 18-ноябрда Башар Асад “Ислам мамлекети” террордук тобунун үстүнөн жеңишке жетмейинче, бийликтен кетпей турганын жар салды. Ал жеңиш үчүн 1,5 - 2 жылга чейин убакыт талап кылынышы мүмкүндүгүн айтып, өзүнүн президенттик шайлоого катышарын да четке каккан жок. Америка жана Батыш мамлекеттери Сирияда тынчтык орнош үчүн Асад кызматтан кетиш керектигин талап кылышууда.

Орусия буга каршы болуп, Сириянын расмий бийлигине аскердик жардам берүүдө. БУУнун маалыматы боюнча, Сирияда 2011-жылдагы өкмөткө каршы көтөрүлүштү улай башталган ич ара согуш 230 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. Качкындардын саны 6 миллионго чукулдады. (NT\SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG