Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Нарында жаш үй-бүлөлөр мелдешти


«Жаш үй-бүлө» сынагын Нарын шаардык мэриясы жана Нарын облустук эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгы уюштурду.

Сынакка шаардагы мекемелерде эмгектенген жаш үй-бүлөлөрдөн тандалган 5 жуп катышып, өнөрлөрүн көрсөттү.

Аталган башкармалыктын адиси Рахат Асанов сынактын максаты жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү экендигин билдирди. Сынактын жеңүүчүлөрүнө мэрия тарабынан баалуу белектер ыйгарылды жана бул иш-чараны уюштурууга 80 миң сом керектелген. (MiK)

XS
SM
MD
LG