Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн “Тынчтык миссиясынын” антитеррордук окуулары 2016-жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Кытайдын Борбордук аскерий кеңешинин жетекчи орунбасары Сю Цилян менен жолукканда айтты.
РИА-Новости кабарлагандай, тараптар учурда негизги көңүлдү аймактык коопсуздукту камсыздоого буруу зарылдыгын билдиришти.
2001-жылы түзүлгөн Шанхай кызматташтык уюмуна алгач Кыргызстан, Кытай, Тажикстан, Орусия, Өзбекстан жана Казакстан мүчө болгон. 2015-жылдын 10-июлунда Индия менен Пакистан да кошулган. (SE)