Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

ИМ тобуна кошулуп кеткен 160 орусиялык жок кылынды


Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Олег Сыромолотовдун айтымында, Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулуп кеткен 160 орусиялык атуул жок кылынды.

Сыромолотов азыркы тапта Орусиянын 2 700 атуулу Сириядагы террорчуларга кошулуп согушуп жүргөнүн, алардын 73ү мекенине кайтып келип, 36сы камалганын кошумчалады.

“Ислам мамлекети” тобунда 25 миңдей чет элдик жалданма согушкерлер Араб өлкөлөрү, Европа, Орусия жана КМШдан барган.

Сентябрдын акыркы күнүндө Орусия Сириядагы Башар Асаддын режимин колдоп, согушкерлердин турумуна аба соккуларын баштаган.

17-ноябрда президент Владимир Путин Египеттин Синай жарым аралында 224 орусиялыктын өмүрүн алып, кыйраган учакка бомба коюлганы тастыкталгандан кийин соккуларды күчөтүшөрүн билдирген.

ИМ тобу бул учактын кыйроосун моюндаган эле.

XS
SM
MD
LG