Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:42

Белгилүү журналист жана медиа-устат Султан Жумагуловдун “Журналистикага жол” аттуу китеби басмага берилди. Автордун айтымында, китепте Кыргызстан эгемендик алгандан берки атамекендик журналистиканын өнүгүү жолдору, журналисттик өнөрдүн сырлары, кесиптик этика тууралуу сөз болот. Ошондой эле журналисттин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жарандык коом алдындагы ролу жана жоопкердиги жөнүндө айтылат. Мындан тышкары азыркы технологиялык заманда журналистиканын мүнөзүнүн, иш ыкмаларынын өзгөрүү тенденциялары, укуктук коомдо ЖМКлардын өзүн өзү жөнгө салуусунун мааниси тууралуу ойлор чагылдырылган.

Кыргыз тилинде жатык жана жетик жазылган китеп журналистиканы кесип катары аркалап жүргөндөргө жана болочокто ушул өнөрдү тандагандарга жана ЖОЖ окутуучуларына, ЖМК маселелерине кызыккан бардык жарандарга багытталган.

Китепти чыгарууга Бишкектеги "Медиа Өнүктүрүү борбору" коомдук фонду жана АКШнын Кыргызстандагы элчилиги колдоо көрсөткөн. Султан Жумагулов жергиликтүү гезиттерде иштеген, “Азаттыктын” Бишкек кеңсесин, ЭлТР, КТРК телеканалдарын жетектеген.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG