Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:26

Париж чабуулун жетектеген террорчу жок кылынганы айтылууда


Париж прокурору Франсуа Молинс “Ислам мамлекети” террордук тобуна мүчө, Белгиянын атуулу 28 жаштагы Абделхамид Абауд 18-ноябрда Париждин Сен-Денис аймагында жок кылынганын кабарлады. Курчоого алынган имараттын ичинен табылган сөөктүн бармак издери Абауддукуна дал келгени аныкталган.

Абауд өткөн аптада Парижде болгон террордук чабуулдарды жетектегенин айткан. Полиция аны Сирияда деп божомолдогон, бирок иликтөөнүн натыйжасында изи Сен-Дениден чыккан. Шектүү жашаган имарат дароо курчоого алынып, узакка созулган атышуулардан кийин бир нече адам колго түшүп, экөө жок кылынган. Алардын бирөө Абауд экени тастыкталды.

Парижде 13-ноябрда болгон бир нече террордук чабуулдан 129 киши мүрт кетип, 350 адам жараат алган. Бул теракттар үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Ислам мамлекети” тобу мойнуна алган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG