Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Орусия-Франциянын аскер башчылары Сирия боюнча кызматташууну сүйлөштү



Москванын маалымдоосуна караганда, 19-ноябрда Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов француз кесиптеши Пьер де Вильерс менен телефон аркылуу байланышып, "Сириядагы террорчуларга каршы аракеттерди координациялоону" сүйлөштү. Франция АКШ баштаган коалициянын мүчөсү, бирок Париждеги теракттардан кийин кеңири коалиция түзүүнү жактоодо. АКШ жана анын шериктери президент Башар Асад кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Ал эми Москва аны Сирия эли чечиш керек дейт. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров:


-Батыш Асад бийликтен кетпесе Сирия калкынын азабы көбөйө берет дейт. Буга чейин анын күнү бүтүп калды дешкен. Бирок андан бери беш жыл өтүп баратат. Эл көтөрүлүп Асадды кулатат деген божомолдор аткарылган жок. Бул демек, Асад Сирия коомунун орчундуу бөлүгүнүн кызыкчылыгын чагылдырып турат дегендик. Ошондуктан тынчтык сүйлөшүүсүн ансыз чечүү мүмкүн эмес.


Батыш жана Орусиянын ортосундагы бул карама-каршылык азырынча чечиле элек. (AiT)

XS
SM
MD
LG