Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

ИИМ милиционерди аткан кылмышкерди издөөгө киришти


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, 19-ноябрда кечки саат сегиздерде Бишкектин 8-кичи районунда участкалык милиционерди атып кетишти.

Милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиев шектүү жарандардын документтерин текшерүүгө аракет жасаганда, ага каршылык көрсөтүлүп, травматикалык тапанча менен үч жолу башына аткан.

Алган жарааттан милиция кызматкери каза болгон. Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоп, кылмышкерлерди чукул издөөгө киришти. (AiT)

XS
SM
MD
LG