Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Бишкекте чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү жүрүүдө


Бул тууралуу Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов билдирди. Анын айтымында, 19-ноябрда башталган сүйлөшүүдө тажик делегациясын вице-премьер-министр Азим Ибрагим, кыргыз тараптын делегациясын биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев жетектөөдө. Сүйлөшүүлөр аяктай электигине байланыштуу анын жыйынтыгы тууралуу маалымат айтуу эрте, деди Мирослав Ниязов:

-Азыр жыйынтык чыга элек. Жыйынтык эртең, бүрсүгүндөрү чыгат. Анткени протоколго кол коюш керек да. Бүгүн бүтпөй калса, сүйлөшүүлөр эртең дагы уланат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча делегациялары чек араларды эски карталардын негизинде эмес, СССР мезгилинде ээлеп турган жерине жараша аныктоону макулдашууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG