Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

Каза болгон түрмө башчысынын сөөгү Таласта Шекер айылына коюлат


Бул туурасында “Азаттыкка” №1 тергөө абагында асынып каза болгон №50 түрмөнүн мурунку жетекчиси Иманкул Телтаевдин уулу Улан Телтаев билдирди. Ушул тапта маркумдун сөөгү Бишкектин соттук-медициналык экспертиза борборунда атайын комиссия тарабынан текшерилип жатат. Улан Телтаев атасынын өзү асынып өлүп алганына ишенбестигин, бул кимдин бирөөлөрдүн же атайын кызыкдар күчтөрдүн колунан келиши мүмкүн, деп болжоп жатканын билдирип, акыйкат иликтөө жүрүшүн талап кылууда.

Иманкул Телтаев №50 абактын жетекчилиги кызматына 2014-жылдын декабрь айында дайындалган. Быйыл октябрь айындагы абактан кылмышкерлердин качуусуна байланыштуу ал кызматтан алынып, 11-ноябрь күнү бир айга тергөө абагына камалган болчу.

Элүү беш жаштагы Иманкул Телтаевдин аркасында эки уул, бир кызы калды. (AzK/SDJ)

XS
SM
MD
LG