Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:10

Атамбаев: Бюджеттегилердин ипотекалык насыялары доллардан сомго которулушу керек


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып, анда бюджеттик кызматкерлердин жана калктын социалдык камкордукка муктаж катмарынын ипотекага доллар менен алган насыяларын улуттук валютага которуу боюнча чаралар көрүлүшү керектигин, бул жаатта Улуттук банк өкмөт жана соода-сатык (коммерциялык) уюмдар менен иш жүргүзүүсү зарылдыгын белгиледи.

Президент каржылык-насыялык мекемелердин туруктуу жана ишенимдүү иштөөсү жана улуттук валютанын курсунун чукул өзгөрүүсүнө жол бербөө үчүн бардык тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Талдоочулар доллардын кескин кымбаттоосу айрыкча соода-сатыктык банктардан АКШ валютасы менен насыя алгандарга өзгөчө оорчулук келтирип жатканын, Улуттук банк тез арада коммерциялык банктар менен биргеликте мындай кардарларга жеңилдиктерди берүүнү карабаса, анда нааразычылыктын толкуну каптап, насыяны төлөөдөн баш тарткандар чыгышарын эскертишүүдө. Сентябрь айынан бери Кыргызстандын Улуттук банкы өзгөчө кампадагы 80 миллиондон ашуун АКШ валютасын сатыкка чыгарганына карабастан, АКШ доллары өлкөдө үч айда 10 сомго кымбаттады. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG