Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Сеул менен Пхеньян кийинки жумада сүйлөшүүлөрдү өткөрөт


Түштүк Корея коңшусу Түндүк Кореянын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүү сунушун кабыл алды.
Түштүк Корея коңшусу Түндүк Кореянын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүү сунушун кабыл алды.

Түштүк Корея коңшусу Түндүк Кореянын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүү сунушун кабыл алды. Мындан мурда Түндүк Кореянын ЦТАК маалымат агенттиги жолугушууну 26-ноябрда өткөрүү сунушталганын жазган. Иш-чара чек арадагы Пханмундж пунктунда өткөрүлөрү маалымдалууда.

20-ноябрда Түштүк Кореянын өкүлдөрү эки өлкө ортосундагы жогорку деңгээлдеги жолугушуулар алдында жумушчу сүйлөшүүлөр болорун билдирген.

Эки өлкө үстүбүздөгү жылдын август айында чек арада чыккан аскерий чыңалуудан соң кабыл алынган макулдашуудан кийин биринчи ирет жолугушат.

Августта кабыл алынган макулдашуу 1950-1953 жылдары бөлүнүп калган туугандардын жолугушуусуна өбөлгө болду. Өткөн өйдө өткөрүлгөн иш-чарада ондогон жылдарга ажыратылган туугандар үч күн бир болууга мүмкүнчүлүк алышты.

XS
SM
MD
LG