Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:46

Сен-Дениде террорчу деп шектелген дагы бир адамдын сөөгү табылды


Сен-Денидеги атайын операция маалында үч адам өлтүрүлгөнү маалымдалды.

Сен-Денидеги атайын операция маалында үч адам өлтүрүлгөнү маалымдалды.

Париждин прокуратурасы 18-ноябрда Сен-Дени районунда жүргүзүлгөн операция маалында мурда айтылгандай эки эмес, өткөн жумадагы теракттарга тиешеси бар делген үч адам өлтүрүлгөнүн ырастады.

Француз бийликтеринин маалыматына ылайык, мурда жок кылынган эки адамдын бири теракттарды уюштурду деп шектелип жаткан Абделхамид Абауд деп табылса, экинчиси чабуул маалында өзүн-өзү жардырып салган анын аталаш бир тууганы болуп чыккан.

Үчүнчү аялдын сөөгү 19-ноябрда жүргүзүлгөн рейд маалында табылган, анын тек-жайы азырынча тактала элек. Сен-Денидеги антитеррордук операция 18-ноябрда жүргүзүлгөн, жыйынтыгында экстремист деп шектелген сегиз адам камакка алынган.

13-ноябрда Парижде уюштурулган катар-катар теракттар 129 адамдын өмүрүн алып, 300гө чукулу жарадар болгон. Теракт үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз мойнуна алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG