Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

Мындай пикирин “Азаттыкка” Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Совет Арбаев билдирди. Ал №50 абактын мурунку жетекчиси Иманкул Телтаевдин №1 тергөө абагына камалышы туура эмес болгонун белгилеп, тергөө маалында абак кызматкерлердин мурда өздөрү кайтарып жүргөн кылмышкерлер арасына түшүп калышы психологиялык оор кесепеттерге алып келиши ыктымалдыгын ырастады.

Арбаев 50-абактан кылмышкерлердин качуусуна байланышкан апааттуу окуялардын бардыгы жаза аткаруу системасы чукул арада жасалчу реформага муктаж экендигин көрсөткөнүн, бул иштерге ири каражат талап кылынарын белгиледи.

Бүгүн 20-ноябрда эртең менен №50 абактын мурдагы жетекчиси Иманкул Телтаев №1 тергөө абагында асынып алган жеринен табылды. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG