Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Беларустагы оппозиция лидерлерине айып салынды


"Разам" кыймылынын лидери, оппозициячыл активист Вячеслав Сивик.
"Разам" кыймылынын лидери, оппозициячыл активист Вячеслав Сивик.

Беларус соту бүгүн "Бириккен жарандык партиясы" кыймылынын лидери, оппозициячыл активист Анатолий Лебедького 20-октябрда Коопсуздук кызматынын алдында мыйзамсыз митинг уюштурду деген кине менен 500 доллар айып салды. Анын дагы бир өнөктөшү, активист Вячеслав Севикке Беларустагы орус аскерий базасынын негизделишине каршы мыйзамсыз акция өткөргөн деп 600 доллар айып салынды.

Буга чейин эки активист президенттик шайлоодон кийин добуш берүүнүн жыйынтыгына каршы уюштурган акция үчүн да жазага тартылган. Беларустагы оппозиция өкүлдөрү 11-октябрда Республика сарайынын алдына “Диктатураны токтот!”, “Лукашенко кет!” деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп чыгышкан.

Президент Александр Лукашенко Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келет. Өткөн айдагы шайлоодо ал бешинчи жолу өлкө башчысы болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG